13.05.2019 16:18

Мирбек Атабеков: Шектүүлөр кармалгыча, коомчулукка билдирбей туралы дегенбиз

Мирбек Атабеков: Шектүүлөр кармалгыча, коомчулукка билдирбей туралы дегенбиз

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков апасынын үйүнө уурулар кирип, акчаларын алып кеткенин тастыктады. Бул туурасында ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген ЖМКларда тарап жаткан бул маалыматты төгүндөгөн эле. Ырчы анын себебин да түшүндүрдү. 

«Чындыгында 5-майдан 6-майга караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар (каракчылар) кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп-үркүтүү менен үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат.  Көрсөтмөлөргө караганда, уурулар даярданып келишкен жана уюшкандыкта иштешкени түшүнүктүү болду. Учурда күч структуралар тарабынан күнөөлүүлөр изделүүдө. Үй-бүлөбүз менен шектүүлөр табылгыча, бул тууралуу коомчулукка билдирбей туралы дегенбиз. Башыңа түшмөйүн, айланаңда эмне болуп жатканын көрбөй жүрө берет экенсиң. Андыктан, өкмөт, депутаттардан жана аткаминерлерден  Кыргызстан жарандарынын коопсуздугу үчүн укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын күчтөндүрүп берүүнү суранат элем. Жаңы мыйзам боюнча милиция тергөөнүн тапшырмасы болмоюнча кылмышкерди кармай албайт экен, бул издөө иштерин кыйындатып жатат», -деп жазат Мирбек Атабеков.

View this post on Instagram

Уважаемые соотечественники! В свете последних событий касаемо вооруженного грабежа дома моей матери хочу сообщить следующее. - Действительно в ночь с 5 на 6 мая в дом где проживает моя мама и моя сестра с детьми проникли трое вооружённых грабителей. Связав моих близких и угрожая пистолетом и физической расправой, вынесли из дома все деньги и драгоценности . Был нанесён психологический и физический урон всей моей семье. На данный момент ,мама и сестра проходят психологическое обследование и восстановливаются от произошедшего и слава Аллаху,что все остались живы ... - По показаниям сразу становится ясно, что воры были подготовлены и действовали слажено. На данный момент силовыми структурами проводятся всевозможные поиски виновных. - Я и моя семья не хотели огласки этой ситуации до того пока не нашли виновных и просили журналистов не распространять данную информацию в связи с психологическим состоянием моих близких. - Лично от своего имени хотел бы обратиться всем моим согражданам с просьбой усиливать охрану своих жилищ во избежание схожих ситуаций. Я считаю,что нам ещё повезло,что все остались живы.. Но бывает,что так везёт не всем. Пожалуйста, будьте бдительны и берегите всех своих близких. Деньги и сбережения найдутся, а травма остается на всю жизнь. Первый раз сталкиваемся с такой ситуацией и пока беда не придёт на твою голову не видишь того, что твориться вокруг, поэтому прошу правительство, депутатов и чиновников усилить полномочия работников милиции и правоохранительных органов для безопасности граждан Кыргызстана. К примеру, по новому закону КР милиция не имеет право задерживать преступника без следственного поручения, что затрудняет поисковую работу. Урматтуу, мекендештер! Коомчулукта болуп жаткан апама жана апам жашаган биздин уйуго байланыштуу куралчан уурулар тобунун үйгө киргендиги боюнча төмөнкү маалыматты билдиргим келет. - Чындыгында 5-майдан 6-майга караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар (каракчылар) кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп, үркүтүү менен үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат.

A post shared by Mirbek Atabekov (@mirbek_atabekov) on

Ал эми Бишкек шаардык милициясы да карактоо болгону тууралуу билдирүү таратты. Окуя кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-беренинин 3-бөлүгү (карактоо) боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

«6-май күнү А.Д. аттуу жаран үйү каракталганын айтып Октябрь райондук милициясына кайрылган. Ал 6-майга караган түнү саат 01.45тер чамасында белгисиз адамдар үйүнө кирип 60 миң долларын жана зер буюмдарын карактап кеткенин билдирди. Бул боюнча ыкчам-тергөө тобу түзүлүп кылмышка шектүүлөр изделип жатат», — деп айтылат маалыматта.