22.06.2020 21:17

Мискенбаев: Мага зордуктоо жана алдамчылык беренелерин илгиле

Мискенбаев: Мага зордуктоо жана алдамчылык беренелерин илгиле

Камактагы экс-депутат, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Мээрбек Мискенбаев билдирүү жасады.

Мээрбек Мискенбаевдин билдирүүсү:

"Мен коюлган күнөөлөрдү толугу менен мойнума албайм. Себеби 7-8 августта болгон окуяда мен спезназдарды барымтага, жана өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга эч тиешем жок. Анткени 7-августта ошол спецназдар мени сабап, кабыргаларымды сындырып, чала өлүк кылып тепкилешкен. Ал окуяда баардыгы интернет булактарында менин жарадар болгонумдун баары турат. Мен жабырлануучу болушум керек эле, а силер мени айыпталуучу кылып салдыңар.

Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстанда болгон баардык беренелерди коюпсуңар. Адам өлтүргөндөн баштап, барымтага алуу, башаламандык жана башка беренелерди койдуңар. Мага коюлбаган Кыргызстанда эки эле берене калытыр, Анын бири зордуктоо, жана алдамчылык.

Мен силерге айтаарым Кой-Ташта болгон окуяда Мискенбаев спецназдарды зордуктады же автоматын алдап алып бербей койду деген беренелерди илгиле, ошону менен баардыгы толук болот.

Мен Аллахка ишенген адаммын, Кудай баарыбызды карап турат. Мени силер ооруган аялыма карабай жана 3 чиедей болгон балдарымды чыркыратып туруп адилетсиз, саткын Алга Кылычовтун көргөзмөсү менен камадыңар. Кудай бар, Кудай жазаңарды берсин!

Мен кылган күнөөм үчүн түрмөдө олтурган жокмун. Мен Атамбаевди сатпаган үчүн түрмөдө олтурам. Мага абийир, ар-намыс өлүмдөн кымбат", деди Мискенбаев.