17.01.2019 13:49

Митингге чыккандар Өкмөт үйүнө өкүл жөнөтүштү

Митингге чыккандар Өкмөт үйүнө өкүл жөнөтүштү

Митингчилердин бийликке койгон талаптары көбөйүп, бешке чыкты. Алардын катарында көбөйтүлгөн штрафтарды азайтуу талабы да бар. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Аянтка келген элдин саны да көбөйдү. Алар чогулгандардын арасынан 5 адамды өкүл шайлап, бийликке өз үнүн жеткирүү үчүн аларды өкмөт үйүнө жөнөтүштү. Калгандары аларды күтүп, аянтта турушат. 

«Митингди саат 13:00гө чейин гана өткөрүүгө уруксат берилгенине карабастан, ал уланууда. Бул жердеги милиция кызматкерлери элди таратууну ойлошкон жок, автобустарда бекинип отурушат», -деп билдирди кабарчы.