01.06.2018 10:32

Мыйзамды да, адамды да тоотпогон жол тандабастын ээсине карата кылмыш иши козголду

Мыйзамды да, адамды да тоотпогон жол тандабастын ээсине карата кылмыш иши козголду

Жол коопсуздугун тескеген  кызматкерди бир нече метр аралыкка сүрүп барган айдоочуга карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында April.kg порталына  Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармакта жолтандабастын айдоочусу жол коопсуздук инспекторун сүзүп кетүүгө аракет кылган видео жарыяланган. 

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган «Lexus B 9009F»  унаасынын  айдоочусу ага карата түзүлгөн айып протоколуна кол коюудан баш тартып, инспектордун колунан кагазды жулуп алып, машинасын айдап качууга аракет жасаган. 

Буга жол бербей, унаанын алдын тоскон инспекторду айдоочу бир топ аралыкка сүрүп барган. Унааны көчөдөгү башка жарандардын жардамы менен токтотууга мүмкүн болгон. Машинаны  башкарып бараткан аял тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулган. 

Бишкек шаардык ИИББдин билдирүүсүнө караганда, учурда Н.Б. аттуу айдоочуга карата КР Кылмыш кодексинин 341-1-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат. 

Ал эми, ЖМКларда тараган «Жол тандабастын рулундагы аял  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташболот Балтабаевдин кызы Нургүл Балтабаева экен» -деген маалыматты  Бишкек шаардык ИИББнын өкүлү төгүндөгөн да жок, тастыктаган да жок. Болгону айыпталуучунун аты-жөнү тууралуу маалымат таратууга укугу жок экенин билдирди. 

Маалымат үчүн:

341-берене. Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү

(1) Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарышына байланыштуу бийлик өкүлүнүн же анын жакындарынын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөткөндө, же болбосо зомбулук көрсөтөм деп коркутканда, -

эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.