26.09.2019 11:09

ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алганын билдирди (видео)

ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алганын билдирди (видео)

Кара-Суу районундагы ок атышууда жаракат алган ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алганын жана эч кимге доосу жок экенин билдирди. Мындай тасманы «Ош пирим» телеканалы социалдык тармактар аркылуу таратты.

Анын айтымында, ооруканада жатканда Кыргызстанда окуя катуу резонанс жаратып, аны таң калтырган.

«Муну кимдер кылып жатканын билбейм. Кылыч экөөбүздүн ага-инилик мамилебиз бар. Окуя жөнүндө айтсам, мен ага жөн эле чай ичели деп чалгам. Жыйырма бири күнү ал келбей калып, Алтынбек, Бекболот деген инилерибиз келишкен. Машинада сүйлөшүп отурганбыз, ошол маалда Бекболот  тапанча таап алыптыр «көрүп бербейсизби?» деди. Мен мурунку кызматкермин да, көрүп атсам тапанча октолуу экен, өзүмдү-өзүм саныма басып алдым», -деди.

Ал кийин аны ооруканага алып келишкенин, ал дарыланып жатканда ар кандай ушактар чыгып кеткенин кошумчалады.

«Кылыч экөөбүздүн мамилебиз жакшы, азыр деле. Ортодогу фейк аккаунттар менен мамилебизди бузуп атышабы, билбейм», -деди жабырлануучу.  

 

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Суу районунун Фуркат айылында бир нече адам уруша кетип, ал мушташка, андан атышууга айланганы маалымдалган. Анын жыйынтыгында Төлөгөн Рахманберди уулу санга ок жеген.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Рахманберди уулун Ошто  Дене тарбия жана спорт комитетин жетектеген Кылычбек Саркарбаев аткан.