01.05.2020 09:12

ММК иликтөөсү: Президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы

ММК иликтөөсү: Президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кытай компаниясы карыздын эсебинен Кара-Балтанын жанында жайгашкан Кайыңды кабел заводун алды деген малымат тараган.

Kaktus.media жана Factchek.kg редакциялары бул компаниянын кайсы компанияларга тиешеси бар экендигин текшерип көрүп, кытай компаниясынын жаңы ээлеринин бири Гүлсара Сулайманова экендигин аныкташкан.

Журналисттер Сулайманова тууралуу көбүрөөк билүүнү чечкен. Гүлсара Сулайманова — Жогорку Кеңештин “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин жубайы болуп чыккан. Азыркы учурда жубайлар мамлекеттик каттоо кызматында ажырашкандар катары көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу Абжалиевдердин үй-бүлөсү мындан тышкары дагы кандай бизнеске ээлик кылат деген суроого жооп издеп көрүшкөн. Жыйынтыгында ажонун кудасы өлкө боюнча курулуш, туристтик жана тоо кен өнөр жайы менен байланышкан ондогон бизнестин түрлөрүнө тиешеси бар болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек — Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шарипованын өмүрлүк жары.