24.01.2019 17:08

Мобилдик байланыш качан арзандайт?

Мобилдик байланыш качан арзандайт?

Бир мобилдик оператордон башкасына чалуу арзандады, деп монополияга каршы мамлекеттик агенттик маалымат таратты. Эске салсак, буга чейин мекеменин айтымында, ири мобилдик операторлор атаандаштык тууралуу мыйзамды бузуп, тарифтерин жогорулатып алган. Жагдайды көзөмөлдөгөн мекеме операторлордон тарифти ылдыйлатууну талап кылган.

Жыйынтыгы эмне болду? Натыйжасын колдонуучулар сезе алдыбы?