18.07.2018 16:10

Молдовановкадагы №1 түзөтүү мекемесинде өзүн атып алган жоокердин абалы жакшырды

Молдовановкадагы №1 түзөтүү мекемесинде өзүн атып алган жоокердин абалы жакшырды

ЖАМКтын Түзөтүү мекемелерин күзөтүү жана соттолгондор менен камакка алынган жарандарды коштоп жүрүү Департаментинин  мөөнөттүү кызматынын жоокери жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул туурасында ЖАМКтын маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда жоокер Улуттук госпиталда, өзүнө келген, абалы канааттандыраарлык.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү колониясында кызмат өтөп жаткан А.М.А. аттуу жоокер кароолдо туруп, кокусунан өзүн-өзү атып алганы айтылган. Ал Чүй облустук ооруканасына жаткырылган болчу.