26.10.2018 08:30

Монголия өлкөдө Хеллоуин майрамын белгилөөгө тыюу салды

Монголия өлкөдө  Хеллоуин майрамын белгилөөгө тыюу салды

Монголиянын Билим берүү, маданият жана илим министрлиги бардык мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде Улуу Британиядан «келген»  Хэллоуин майрамын белгилөөгө тыюу салды. 

Буга себеп катары министрлик ата-энелердин нааразычылыгын көрсөткөн: алар бул майрамды өткөрүү үчүн мектептер ата-энелерден акча же костюм алып келип берүүнү талап кылып жатышканын билдиришкен.  

«Хэллоуин Монголиянын коомдук майрамдарынын тизмесине кирбейт, андыктан, анын мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде белгиленбешине көзөмөл жүргүзүү керек», — деп жазылат министрлик тараткан билдирүүдө. 

Хэллоуин — монголдор үчүн жаңы майрам. Аны өлкө аймагында алгачкы жолу 2000-жылдардын башында христиандардын чүркөөлөрүндө жана чет өлкөдөн келген мугалимдер иштеген жеке менчик мектептерде белгилеп башташкан. Убакыттын өтүшү менен Хэллоуин  балдардын көңүлүнө туура келип, бардык мектептерде жана көңүл ачуучу жайларда майрамдын урматына кечелер уюштурулуп калган.