16.01.2019 09:40

Москвада 23 жаштагы кыргыз кызды зордуктап кетишти

Москвада 23 жаштагы кыргыз кызды зордуктап кетишти

Москвада мейманканалардын биринде кыргызстандык кызды зордуктап кетишти. Бул тууралуу 15-январда орус   ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыз 12-январь күнү кечке маал аны зордуктап кетишкени тууралуу полицияга арыз менен кайрылган. 

23 жаштагы арыз ээсинин айтымында, чала тааныш киши арам оюн мейманкананын бөлмөсүндө ишке ашырган. Жабырлануучудан тышкары, анын 30 жаштагы агасы да полицияга кайрылган. 

«Укук коргоо органдары учурда окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Зомбулук көрсөтүлгөн жер каралып, сүрөткө тартылып, жабырлануучу суракка алынды», -деп жазылат маалыматта.