19.06.2018 13:27

Москвада 8 кишини сүзүп кеткен Чынгыз Анарбек уулу деген ким?

  Москвадагы жол кырсыгы (6 материалов)

Москвада 8 адамды сүзгөн кыргызстандык таксисттин ишинде терроризм боюнча айыптоолор алынды. Мекендешибиздин үйүн тинтүүдө бир да экстремисттик буюм тайымдар табылган эмес. Бул тууралуу, ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя ишемби күну Москванын Ильинка көчөсүндө жуз берген. Жол кырсыгынан Россия, Мексика, Азербайжан жана Украинанын жарандары жабыркады. Тилеке жараша каза тапкандар болгон жок. Унаанын айдоочусу Кыргызстандын 28 жаштагы жараны Чыңгыз Анарбеков экени такталган. Москвада жөө адамдарды сүзгөн таксистке карата кылмыш-иши козголду.