11.09.2018 10:33

Москвада адамдар тобун тебелетип кеткен Бекжан Сарбишев күнөөсүн мойнуна алды

Москвада адамдар тобун тебелетип кеткен Бекжан Сарбишев күнөөсүн мойнуна алды

Москвада адамдар тобун тебелетип кеткен Бекжан Сарбишев күнөөсүн мойнуна алды. Жигит чатак эмнеден чыкканын полиция кызматкерлерине айтып берген.

Эскерте кетсек, 9-сентябрдын таңында Россиянын Москва шаарында жүз берген кырсыкта кыргызстандык 10 адам жабыркап, 1 адам каза тапкан. Анда Бекжан Сарбишев аттуу учурда Россия жарандагын алган кыргыз жигит өз унаасында адамдар тобун сүзгөн.

Алдын-ала маалымат боюнча, Сарбишев жакындары менен түнкү клубда 18 жашка чыккан карындашынын туулган күнүн белгилеп  отурушкан. Түнкү саат 3-4төрдө бир нече киши келип, туулган күндү эмнеге бул жакта өткөрөсүңөр деп тийишип башташкан. Бир аздан кийин жигиттер кетип калган. Бирок туулган күндү тоскондор таңкы саат 5те тышка чыкканда жаңжал уланып, жигитти баарылап сабап, кулагына таккан угуучу аппаратын ары-бери ыргытып ойношкон. 

«Качканыма карабай тепкилеп башташты. Мен жалгыз, алар көп болчу. Мен болгону алардан качып үйгө кетейин дегем. Анан аларды тебелеттим. Күнөөлүмүн», — деди айыпкер.

Эми Сарбишев 8-ноябрга чейин камакта болот.