19.06.2018 11:05

Москвада элди сүзгөн такси айдоочусу камакка алынды

  Москвадагы жол кырсыгы (6 материалов)
Москвада элди сүзгөн такси айдоочусу камакка алынды

Москва шаарында унаа башкарып баратып уктап кетип, тротуарда кетип бараткан элди сүзүп алган кыргыз жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Таган райондук соту кечээ, 18-июнда Кыргыз жаранын 16-августка чейин эки айга камакка алды. «Учурда тергөө иштери башталды»,- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан соң  качып кетүүгө аракет кылган. Кырсыктан 8 киши жабырланган. Бул кырсыктын тасмасы интернетте тарап, таксинин айдоочусу кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Айдоочу 20 сааттан ашык убакыттан бери рулда экенин, унаа айдап баратып үргүлөп кетип, тормозду басам деп газды басып алганын милиция кызматкерлерине сурак берип жатып айткан. 

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.