20.11.2018 13:37

Москвада кардарын 8 саат күткөн таксистке жаңы жумуш сунушташты

Москвада кардарын 8 саат күткөн таксистке жаңы жумуш сунушташты

Кардарынын капчыгын кайтарып берүү үчүн 8 саат тышта күткөн кыргызстандык таксист Кайрат Тентимишевге жаңы жумуш сунушташты. Башкача айтканда, «Ситимобил» такси кызматына чакырышты.

Компаниядан мындай чынчыл айдоочу аларга иштөөгө макул болсо, бекер унаа менен камсыздап беришерин маалымдашты. 

Ошондой эле, андан бир ай бою комиссия кармашпайт.  Фирма жетекчилигинин айтымында, Кайраттын кылганы бардык кесиптештерине дем берип, такси айдоочусунун жумушундагы башкы милдет- кардарына кам көрүү экенин далилдеди.

Буга чейин «Спутник Кыргызстан» таксист Кайрат Тентимишевди таап, маек курган. Жигит Сокулук районунун Асылбаш айылында туулганын, Кыргызстанда соодасы болбой, жубайы экөө Москвага иштеп кетишкенин айтып берген.

«Келинчегим экөөбүз акча чогултуп, унаамды сатып Сокулукта кийим-кече менен базарга чыкканбыз. Тилекке каршы, ишибиз оңунан чыкпай, кайра карызга батып эч нерсеси жок калдык. Бул жакка карыздардан кутулуп, үй-жайлуу болсом деп келдим эле. Кыргызстанда ата-энемдин колунда 3 кызым калды. Өзүм баласаакмын, азыр кыздарымды сагынып, күн санап араң жүрөм. Кыздарымдын улуусу 8, ортончусу 6, кичүүсү 4 жашта. Эң өкүнүчтүүсү — кыздарымдын балалык таттуу учуру биз жок өтүп жатканы. Азыр кыздарымдын жанында болуу биринчи максатым болуп калды. Бирок дагы деле карыздардан кутулуп бүтө элекпиз», -дейт Кайрат.

Ал эми, ошол окуя болгон күндү төмөнкүчө эскерген: «14-ноябрда таңкы саат 5.00дөр чамасында Шереметьево аэропортунан бир кызды үйүнө жеткиргем.  Бир аз жылгандан кийин карасам, сумкасын унутуп кетиптир. Менде эң биринчи максат — сумканы ээсине бериш керек болду. Өзүм араң жүргөндө дагы бир балээге калбайын дедим. Мени таппаган күндө деле биринчиден кыргыздарга, экинчиден таксисттерге көө жабылып, жаманатты болмок. Бирок, телефон номерин же батирин билбейм. Кызды тосуп чыккан атасын таанып калгам. Экөөнүн бирөө чыгып калса керек деп күттүм. Кирип-чыккан 10 чакты адамдан сурадым, эч ким тааныбайт экен. Подъездде 50-60 батир болгондуктан, кайсы биринин эшигин кагууну билбедим. Ар кимдин тынчын алып, сөгүү уккум келген жок. Андан көрө күтүп турууну эп көрдүм.  Анан түшкү саат 13.30дарда баягы кардар чуркап чыгып, абдан кубанып, кучактап, жашып да кетти. Сумкасын алып сүйүнгөнүнөн кайра колума 5000 рубль карматты. Буга анча маани бербей кадыресе көрүнүш катары көрүп эле кетип калгам», -деген таксист.