Москвада кармалган кыргызстандык 42 жарандын көбү бошотулду
Москванын Таган районунда 10-июль күнү кыргыздар футбол чемпиондугу маалында коопсуздук үчүн жүргүзүлгөн кезектеги текшерүүдө кармалган. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Кыргыздардын кармалышы Орусияда күчүнө кирген миграциялык каттоо тууралуу мыйзамдын катаалдашканына байланыштуу эмес. 42 жарандын миграциялык документтери текшерилип, көбү кайра кое берилген.
10-июлда Москванын Таган районунда кыргызстандык мигранттар эч кандай түшүндүрмөсүз камакка алынганын укук коргоочу Валентина Чупик кабарлаган. Ал жалпысынан жетимиштей адам кармалып, анын жарымы акча берип бошоп чыкканын, калган отуздай кыргызстандык катаал шартта камакта калганын, аларга котормочу жана консулдар менен байланышууга уруксат берилбей жатканын билдирген.
Элчилик "жалаң эле кыргызстандыктар кармалууда" деген маалыматты четке кагып, Москванын Таган районунда Кыргызстандан барган мигранттар көп экенин айтууда. Таган полиция бөлүмүндө кармалган 42 кыргызстандыктын сегизи калганы белгилүү болду.
Орусияда эмгек мигранттарын каттоо эрежелерин катаалдаштырган мыйзам ушул аптада күчүнө кирди. 27-июнда президент Владимир Путин кол койгон документке ылайык, эми мигранттар иштеген жери боюнча каттоого тура албайт. Аларды каттоо жашаган жери боюнча гана жүргүзүлөт. Буга чейин жумуш берүүчүлөр мигранттарды иштеген жеринин юридикалык дареги менен каттоого укуктуу болчу.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: