09.12.2019 09:15

Орусиядагы жол кырсыгынан кыргызстандыктар каза тапты

Орусиядагы жол кырсыгынан кыргызстандыктар каза тапты

Орусиянын Оренбург облусунда кечээ жол кырсыгы катталды. Toyota Previa (минивэн) менен Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, Кыргызстандын 4 жараны каза болуп, дагы 3 жараны ооруканага жаткырылды.

Кырсык күн мурун, 8-декабрда таң эрте Казань-Акбулак унаа жолунун 76-чакырымында болгон.

Каза болгондордун сөөгү керектүү процессуалдык аракеттер аяктагандан кийин өз мекенине жөнөтүлөт. Жабыркаган 3 кыргызстандык Соль-Илецк шаардык ооруканасында жатат, алардын абалы орто оордукта.