19.07.2018 10:08

Москвада каза тапкан кыргыздардын сөөгү мекенине жиберилет

Москвада каза тапкан кыргыздардын сөөгү мекенине жиберилет

Москва шаарындагы Ташкент көчөсүндө жол кырсыгынан улам каза тапкан кыргыздардын сөөгү мекенине жиберилет. Алар 26 жаштагы Б.улуу.М., 29 жаштагы К.З. жана 21 жаштагы Т.уулу.А.  Экөө россия жарандыгын алган.

Жол кырсыгы фактысы боюнча учурда Москванын ИИБы тарабынан иштер жүрүп жатат. Бирок, кырсыкка күнөөлүү айдоочу өзү кошо көз жумганына байланыштуу кылмыш иши козголбойт. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, өлүм себептери такталат.

Эскерте кетсек, 18-июль күнү Москванын түштүк-чыгышында жол кырсыгы катталып, 3 киши ошол жерден каза тапкан. Алардын баары кыргыздар болгон. Катуу ылдамдык менен келаткан айдоочу жолдогу жарык берүүчү мамыны кеч көрүп, буйтаганга үлгүрбөй түз эле ага урунган.