06.02.2019 13:18

Москвада кылмыш жасоого шектелип, 10 кыргыз жараны кармалды

Москвада кылмыш жасоого шектелип, 10 кыргыз жараны кармалды

Москвада кылмыш жасоого шектелип, 10 кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында КР Россиядагы Элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин ыкчам байланыш номерине Москванын Тимирязев районунда кыргыз жарандарын массалык кармап кетүү болгону тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам,  6-февралга караган түнү Элчиликтин кызматкери Москва шаарындагы Тимирязев району боюнча полиция бөлүмүнө барган.  

Анын жыйынтыгында, кыргыз, өзбек жана тажик  жарандары «Петровско-Разумовский» метросунун жанында жайгашкан «Парус» соода борборунда кармалганы аныкталган. Чет элдик жарандарды текшерүүгө ошол райондо кылмыш иши катталып, ага шектүү катары азиат улутундагы адам изделип жатканы себеп болгон.

«Россияда жүрүүгө уруксат берген документтери текшерилгенден кийин 9 кыргыз жараны бошотулду.  Ал эми бирөөсүнүн документи каттоосун узартууда болгону үчүн ага карата административдик протокол түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен ал дагы бошотулат», -деп билдиришти Элчиликтен.