17.06.2018 21:00

Москвада кыргыз таксист сүзүп кеткен адамдардын үчөө- ооруканада, абалдары канааттандыраарлык

  Москвадагы жол кырсыгы (6 материалов)
Москвада кыргыз таксист сүзүп кеткен адамдардын үчөө- ооруканада, абалдары канааттандыраарлык

Кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу сүзүп кеткен сегиз кишинин бешөө ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында РИА Новости агенттиги Россиянын Саламаттыкты сактоо департаментине таянып, билдирди. 

Жабырлануучулардын арасында Мексика, Азербайжан, Украина жана Россиянын жарандары бар. 

"Жабыркаган беш жаран кечээ эле медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилген. Калган үч кишинин учурдагы абалы канааттандыраарлык. Жакында алар да ооруканадан чыгарылат", — деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан соң  качып кетүүгө аракет кылган. Бул кырсыктын тасмасы интернетте тарап, таксинин айдоочусу кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган. Бул факт боюнча "Жол кыймылынын эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Жалал-Абад облусунда төрөлгөн, 1990-жылкы Чыңгыз Анарбек уулу Россиянын аймагында 3 жылдан ашык убакыттан бери аялы менен иштеп жүргөн. Такси кызматына орношкуча, кафелердин биринде ашпозчу болуп эмгектенген. 

Тергөөнүн алдын-ала божомолунда, жол кырсыгына айдоочу буга чейин 20 сааттан ашык уктабай,  түнү менен иштегендиктен, унааны башкарып баратып, үргүлөп кеткени себеп болгон.

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы ИИМ өкүлчүлүгү укук коргоо органдары менен тыгыз иштешип жатат жана керек учурда көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошондой эле, ИИМ өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери айдоочунун туугандары менен жолугушту. 

Алардын айтымында, Чыңгыз спорт залдардын биринде машыгып, спорттук мелдештерге катышып жүргөн, таксист болуп иштеп баштаганына 2 айга чукулдап калган. Кандайдыр-бир шектүү же экстремисттик уюмдар менен байланышы болгон эмес.  

Андан сырткары, айдоочунун жашаган жерин тинтүү маалында тыюу салынган кандайдыр-бир материалдар табылган жок. КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү укуктук, консультативдик жана башка жардам көрсөтүүдө.