19.06.2019 14:37

Москвада кыргыз жарандары мушташып, бирөө каза тапты (видео)

Москвада кыргыз жарандары мушташып, бирөө каза тапты (видео)

Москвада кыргыз улутундагы жаштар мушташып, бирөө каза таап, үчөө ооруканага жеткирилди. Бул туурасында «Московский комсомолец» жазып чыкты.

Окуя бүгүн, 19-июнда эртең менен «Электрозаводская» метросунун жанында болгон. 18-20 жаштагы кыргыз жарандары түнү менен «Ысык-Көл» ресторанында эс алышкан. Администратордун айтымында, коноктор спирт ичимдиктерин ичүү менен убакытты көңүлдүү өткөрүп жатышкан.

Ресторандан таң атканда чыккан жигиттер метрону көздөй басышкан. Орто жолдон уруш чыккан. Мушташып жаткандар кыргыз тилинде кыйкырышкандыктан, күбөлөр пикир келишпестик эмнеден чыкканын түшүнүшкөн эмес. 

Ал жерде гезит сатып турган аялдын айтымында,  мушташтын катышуучулары чогуу чыгышкан. Аялдамага жеткенде, мушташып башташкан. 

«Бирөөсү качып, башкасы кубалап жатты. Кубалашып, бири-бири менен мушташып жатышты», — деген ал.  Ызы-чууга канча адам катышканын ал так айта алган эмес ,бирок, бештен көп экенин билдирген. 

Ал эми 360tv.ru. окуянын күбөсү болгон Наталья Балыка аттуу аялга таянып, каза тапкан адам бычак жана таяктар менен куралданган жоон топтон качып кетүүгө аракет кылганын жазып чыкты. 

«Алар кууп жетип, буттары жана таяктар менен уруп башташты, таяктары сынып калып жатты. Бир маалда эле баары өйдө жакты көздөй дыр коюшту, ал калып калды», — деген ал. 

ЖМКлардын билдиришинче, мушташта шампандын бөтөлкөсү жана бычак колдонулган. Жаракат алган жигит метрого чейин барып, павильондун ичине кирип, ошол жактан жан берген. Дагы үчөө ар кандай жаракаттар менен ооруканага жөнөтүлгөн. 

Учурда окуя болгон жерден денени алып кетишкени айтылат. Бул топ эс алып чыккан ресторан учурда жабылып, полиция окуяны териштирүүдө.