24.09.2018 09:00

Москвада кыргыз жарандары уруша кетип, бирөөсү курал колдонду

Москвада кыргыз жарандары уруша кетип, бирөөсү курал колдонду

Россиянын Москва шаарында эки кыргыз жараны уруша кетип, бири экинчисин көзгө атты. Бул туурасында КРнын РФдагы элчилигинен билдиришти.

Окуя 19-сентябрда саат эртең мененки 7:00дө Москва шаарынын Большая Семеновская көчөсүндө жайгашкан «Ысык-Көл» кафесинин жанында болгон. Чатак учурунда бир жаран травматикалык курал колдонуп, экинчисин көзгө аткан. Жабырлануучу №36 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилип, ал жактан медициналык жардам алган. 

КРнын Россиядагы элчилиги Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Соколиная гора району боюнча бөлүмүнө чатактын катышуучуларынын аты-жөнү жана бул иш боюнча кандай жазыктык чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат алуу үчүн суроо жөнөттү.

Маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынды.