23.01.2019 09:40

Москвада кыргыз жарандарына жасалма билет саткан учурлар көбөйдү

Москвада кыргыз жарандарына жасалма билет саткан учурлар көбөйдү

Москвада кыргыз жарандарына жасалма билет саткан учурлар көбөйдү. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, шылуундар Москва шаарынын метросунун  «Добрынинская» станциясындагы Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан авиакассалардан Москва-Бишкек, Москва-Ош жана кайра Москвага кайтуу үчүн аба каттамдары боюнча жасалма авиабилеттеринин сатышууда. 

21-январда шектүүлөрдүн бири - 23 жаштагы кыргызстандык кармалды.  Ага карата Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча жабыркаган Кыргыз өлкөсүнүн 23 жаранынан арыз түшкөн. Азыркы кезде аталган факты боюнча козголгон иштин алкагында тергөө иштери жүрүүдө.

Элчилик Орусиянын компетенттүү органдары менен биргеликте мындай алдамчылык иштерге тиешелүү жарандарды иликтеп, табуу боюнча, ыкчам аракеттерди көрүүдө жана ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.

«Авиабилет сатып алууда ортомчуларга кайрылбастан атайын авиакассалардан алуу менен, сатып алууда тийиштүү чек-талондорду талап кылгыла», -деп сунуштайт Элчилик. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 30-декабрынан тартып, РФдагы КР Элчилигине каттамдан түшүрүлүп салынган жүргүнчүлөр арызданып башташкан. Окуянын чоо-жайын териштирүүдө авиабилеттер кыргыз жарандарынан сатылып алынганы аныкталган.