28.06.2019 17:52

Москвада кыргыз жарандарынын жасалма документтерин колдонгон жарандар аныкталды

Москвада кыргыз жарандарынын жасалма документтерин колдонгон жарандар аныкталды

Москвада кыргыз жарандарынын жасалма документтерин колдонгон жарандар аныкталды. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылдын июнь айында коңшу өлкөнүн 41 жаштагы жараны (аял киши) сый акы берип, белгисиз жарандардан башка маалыматтар камтылган КР жаранынын паспортун (ID-card) өзүнө мыйзамсыз алган. Андан соң, ал Россия аймагында жүрүү үчүн миграциялык каттоого турган. Бирок, паспортто көрсөтүлгөн маалыматтар паспорт ээсинен 10 жаш кичүү болгон КР жаранына таандык экендиги аныкталган.

Ошондой эле, Ош облусунун Алай районунун 1994-жылы туулган М.Э., Бишкек шаарынын 1966-жылы туулган Н.Ж. аттуу тургуну Москва
шаарынын аймагына келишкенде КР айдоочулук күбөлүгүн мыйзамсыз жол менен алышкан. Болжолдуу маалымат боюнча алар белгисиз
адамдар менен сүйлөшүп алып, өздөрүнө жасалма документти мыйзамсыз алышып, жеке айдоочу болуп иштеп жүрүшкөн. Жүргүзүлгөн экспертизалар документтердин жасалма экенин аныктады.

Бул фактылар боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин «Жасалма документтерди колдонуу» беренесинде көрсөтүлгөн
кылмыш белгилери каралууда. Азыркы учурда козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жасалма паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоого тиешеси барларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүрүүдө.