24.04.2019 14:25

Москвада кыргыз жараны киши колдуу болуп каза тапты, анын өлүмүнө мекендеши айыпталууда

Москвада кыргыз жараны киши колдуу болуп каза тапты, анын өлүмүнө мекендеши айыпталууда

Москвада 38 жаштагы кыргызстандык  киши колдуу болуп каза тапты, анын өлүмүнө мекендеши айыпталууда. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Кылмышка шектүү катары кармалган Т.А. 26 жашта, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан. Ага «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди.

Окуянын чоо-жайы.

Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында түбү баткендик Р.Ж. Москва шаарынын Верхние көчөсүндө жайгашкан үйүнөн достору менен чыгып кеткен бойдон кабарсыз жоголгон. Аны менен бирге токтоп турган жеринен сары түстөгү «Форд Галакси» үлгүсүндөгү автоунаасы дагы жок болуп кеткен. Телефон чалууларга жооп берген эмес.

Март айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө туугандары кайрылып, издөөгө жардам көрсөтүүнү суранышкан. Бирок, арыз жазуудан баш тартышкан. Жоголгон адам мурда Москва облусу менен Москва шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөндүгүн айтышып, өз күчтөрү менен издөөгө аракет кылышкан. Аракеттери жыйынтык бербей, апрелдин башында кайра кайрылышып, арыз жазышкан.

Шектүү маркум менен чогуу иштегенби?

Жоголгон адамдын туугандарынын арызы каттоого алынып, полиция издөө иштерин баштаган. Көп өтпөй, Домодедово шаардык округунун жанындагы талаадан азиат түспөлүндөгү 40 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылган. Анын бетинде, моюнунда, артында жаракаттары болгон.

Туугандары сөөктү тааныган. Соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалып, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, оор кылмыш ишине тиешеси бар жаран аныкталып, кармалган. Шектүү Москва облусу менен Москва шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун Ноокен облусунун 26 жаштагы  Т.А. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө сары түстөгү «Форд Галакси» үлгүсүндөгү маркумга таандык автоунаа такталып, кылмыш ишине бекитилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Оор кылмыш ишин жасоого шектелген Т.А. унааны алып сатарларга 200 миң рублге сатып жиберген. Ал унаа кийин 500 миң рублга бааланып, аукционго коюлган.