04.02.2019 12:18

Москвада кыргыз жараны жумуш берүүчүсү тарабынан сабалып, оор жаракаттар менен ооруканага түштү

Москвада кыргыз жараны жумуш берүүчүсү тарабынан сабалып, оор жаракаттар менен ооруканага түштү

Москвада 21 жаштагы кыргыз жараны жумуш берүүчүсү тарабынан сабалып, оор жаракат менен ооруканага түштү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 25-январь күнү Москва шаарындагы Н. И. Пирогов атындагы №1 шаардык клиникалык ооруканага 1998-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган кыргыз жараны бети- башынан оор жаракат алып түшкөндүгү боюнча маалымат келген.

Окуяны териштирүү учурунда жабырлануучу Москва шаарынын Арбат районунда  «Жилищник»  мамлекеттик бюджеттик мекемеде расмий түрдө короо шыпыруучу болуп иштээри аныкталган. Аны 25-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында коммуналдык чарбачылыктын жетекчиси сабаганы белгилүү болгон. Бирок №1 шаардык клиникалык ооруканага түшкөндө алган жаракаты «өндүрүштөн» алынган деп көрсөтүлгөндүктөн, жогорудагы факты криминалдык жаракат катары катталбай, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынган эмес.

Окуяны териштирүүдөн соң жабырлануучунун арызы Москва шаарынын Арбат району боюнча бөлүмүнүн кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо китебине катталган.

Тиешелүү чаралардын натыйжасында, шектүүнүн өздүгү такталып, ал Арбат районунда «Жилищник»  мамлекеттик бюджеттик мекемеде башчынын убактылуу милдетин аткаруучу 39 жаштагы орус жараны болуп чыкты. 

Учурда шектүү кармалып, ага карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Саламаттыкка атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.