20.02.2019 10:04

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды

Москвада колледждин окуучусу бир кыргыз жаранын өлтүрүп, дагы эки адамдын саламаттыгына олуттуу зыян келтирген деп шектелүүдө. Бул туурасында орусиялык ЖМКлар жазып чыкты. 

Маалыматта Николай Шакиров 2001-жылы туулгандыгы, өнөр жай экономикалык колледждин студенти экени айтылат. Ал 2019-жылы 22-январда Москванын түштүк-батышында кеминде 8 жолу бычак жеп каза тапкан Мусулманкул Камбарали уулу аттуу кыргыз жаранынын өлүмүнө шектелүүдө. 

Сурак учурунда шектүү дагы эки адамдын ден соолугуна олуттуу залал келтиргенин мойнуна алган. Учурда бул маалымат текшерилүүдө.