07.03.2019 10:05

Москвада кыргызстандык келин ымыркайын бир миллион рублга сатып жаткан жеринен кармалды

Москвада кыргызстандык келин ымыркайын бир миллион рублга сатып жаткан жеринен кармалды

Москва шаарынын чыгышында Кыргызстандан барган 23 жаштагы келин полицияга кармалды. Ал өзүнүн төрөлгөнүнө 6 күн болгон кызын бир миллион рублга сатууга аракет кылган. Бул тууралуу 6-мартта өлкөнүн Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгынын расмий өкүлү Юлия Ивановага таянып, «Лента.ру» жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, келин интернетке жаңы төрөлгөн ымыркайын багып алуучуларды издеп жарыя калтырган. Анда ымыркайды 1 миллион рублга бере турганы жазылган. 5-март күнү ал Москвада ижарага алган батиринен кызын сатып алгандардын колуна берип, акчасын алгандан кийин кармалган.

«Учурда баланын өмүрүнө кооптуу эч нерсе жок. Ымыркай медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага жөнөтүлдү. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин балдар үйүнө өткөрүлүп берилет. Төрөгөн апасы биинчи эле суракта күнөөсүн моюнуна алды. Тергөө аны камакка алууну өтүнмөкчү», -деп билдирген Юлия Иванова.

Учурда факт боюнча Орусиянын мыйзамдарынын негизинде кылмыш иши козголду. 

«Өзүнүн жоругун келин кокусунан кош бойлуу болуп калганы жана материалдык кыйынчылык тартып жатканы менен түшүндүргөн. Сатып алуучуларга өз колу менен баласынан баш тарта турганын жазып берген. Жадагалса, кызына ысым коюуну ойлонбоптур», - деп билдиришет полициядан.