23.09.2019 13:08

Москвада кыргызстандык келин жаңы төрөгөн баласын дааратканага таштаган. Окуянын чоо-жайы

Москвада кыргызстандык келин жаңы төрөгөн баласын дааратканага таштаган. Окуянын чоо-жайы

Москва шаарында кыргызстандык келин метронун дааратканасында төрөп, ымыркайды ошол жерге таштап кеткен. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 19-сентябрь күнү болгон. Ымыркайды пол жууган аял таап алган. Ал полиция кызматкерлерине окуянын кандай болгонун айтып берген.

«Эркектердин дааратканасын тазалап бүтүп, аялдардыкы жакка өткөм. Карасам, пол кан болуп калыптыр, унитаздагы сууда бала жатат! Мен ага чейин эки дааратканага алмак-салмак кирип жүргөм, эч кандай онтогон үн, же кыйкырык уккан эмесмин», -деген Татьяна Петровна. 

Алгач аял саамга өзүн жоготуп койгон, эсине келгенде жетекчисине чалган. Ал ымыркайды суудан чыгарып, дарыгерлерди чакыруу кеңешин берген. Кыз хлор кошулган муздак сууда 10 мүнөттөй жатып калгандыктан, көгөрүп калган. 

Дарыгерлер келгенге чейин Татьяна Петровна бөбөктү жылытуу үчүн суу кайнатып, сүлгү камдап койгон. Баланы суудан «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери чыгарышкан. Ал суу көп жутуп калганы айтылат. Ымыркайды эсине келтирип, жылытып, балдар ооруканасына жиберишкен. Дарыгерлер кыз мөөнөтүнө жетип төрөлгөндүктөн, жашап кетерин айтышууда. 

Бул окуянын алдында «Тез жардам» кызматынын тобу көчөдөн кан көп кетип жаткан аялды көрүп, салып кетип, С.Юдин атындагы мамлекеттик бюджеттик медициналык мекемесине жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Бирок мигрант келин бир аз мурун төрөгөнүн жашырууга аракет кылган. Эми ага кылмыш иши ачылышы мүмкүн экени айтылууда.