11.03.2019 10:26

Москвада кыргызстандык таксист жол кырсыгына кабылып, эки жүргүнчүсү каза тапты

Москвада кыргызстандык таксист жол кырсыгына кабылып,  эки жүргүнчүсү каза тапты

Москвада түбү кыргызстандык такси айдоочусу унааны башкара албай, чырак илинген мамыны сүзүп алды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыкты. 

Жол кырсыгы 8-март күнү саат 7:40та болгон. Таксист рулду башкара албай калып, көчөнү жарыктандырып турган чырактын мамысын сүзгөн.

Анын кесепетинен унаа ичиндеги эки жүргүнчү каза тапты. Айдоочу өзү катуу жаракат алган эмес.

Бул факт боюнча текшерүү жүрүүдө.