04.09.2018 09:00

Москвада полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү адам күтүүсүз билдирүү жасады

Москвада полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү адам күтүүсүз билдирүү жасады

Россиянын Ички иштер министрлиги полиция кызматкерин атып өлтүрдү деп шектелип жаткан адамдын сурак учурундагы видеосун жарыялады. Анда Нурлан Муратов күнөөсүн мойнуна алган жок. 

Шектүүнүн айтымында, «Курская» метросуна үйүнө кетүү үчүн барган. Ага чейин досу менен ичкендиктен, мас абалында болгон.  Метродон аны полиция кызматкери токтоткон.  «Ал мени токтотуп, документ сурады. Документтерим жанымда жок эле. Анан мени туруп тур деп, өзү кабинетке кирип кетти. Мен эшиктин сыртында күтүп турдум. Бир жолу ок атылган үн чыкты. Мен «тез жардам чакыргыла» деп кыйкырдым», -деди. Кырсык болгон жерди таштап качканын шектүү  «атылган октун үнүнөн коркуп кеттим» деп түшүндүрдү. 

Эске сала кетсек, 2-сентябрдан 3нө караган түнү Москвада полиция кызматкери Андрей Райский башына ок жеп, каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү катары полиция Оренбург шаарынын тургуну Нурлан Муратовду кармаган. Айрым орус ЖМКлары «шектүү - жеңилдетилген шартта орус жарандыгын алган мурунку кыргыз жараны» деп, паспортунун сүрөтүн жарыялашкан.