20.12.2018 14:16

Москвада таксист мигрант унаасы менен балалуу аялды сүзүп кетти

Москвада таксист мигрант унаасы менен  балалуу аялды сүзүп кетти

Кыргызстандан барган такси айдоочусу Москвада баласы менен бараткан аялды сүзүп алып, кармалды. Бул тууралуу укук коргоочуларга таянып, ТАСС маалымдады. 

Маалыматка караганда, Hyndai Solaris унаасынын айдоочусу 46 жаштагы аялды жана анын 6 жаштагы уулун коюп кеткен. Экөө тең ооруканага жаткырылган. Унаанын рулундагы жаран Кыргызстандан барган 21 жаштагы мигрант экени аныкталды. 

«Бул факт боюнча кылмыш иши козголду», -деп айтылат маалыматта.