19.03.2019 16:05

Москвада топ балдардын 21 жаштагы кыргыз кызын зордуктаганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

Москвада топ балдардын 21 жаштагы кыргыз кызын зордуктаганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

Москвада топ балдардын 21 жаштагы кыргыз кызын зордуктаганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты, деп билдирет КР Россиядагы Элчилиги.

Социалдык тармактарда тарап жаткан бул маалыматты текшерүү үчүн Кыргызстандын Россиядагы ИИМ Өкүлчүлүгү Россиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышкан. Натыйжада, Москва шаары боюнча полиция бөлүмдөрүндө кыргызстандык кызды топ адамдар зордуктаганы тууралуу эч кандай билдирүү түшпөгөнү жана андай факт болбогону аныкталды.

«Бул маалыматты Фейсбук аркылуу тараткан адамдын өздүгү такталды, ал жердиги нарындык, 29 жаштагы Таалайбеков Тилек аттуу жаран болуп чыкты. Ал маалыматты чала тааныш Аскарбек деген жигиттен угуп, таратканын билдирди. Аскарбек да табылып, ал 24 жаштагы Таластын Талас районунда туулган кыргыз жигит болуп чыкты. Аскарбек тартип сакчыларына 6-март күнү болжол менен түнкү 1:00лерде жубайынын таанышынын өтүнүчү боюнча Выхино районуна барганын билдирген. Ал райондо таанышынын сиңдиси бир жылдан ашык убакыттан бери башка улуттагы эркек менен жашачу экен. Ошол кызды алып кеткени барышыптыр. Ал эми, топтошкон зордуктоо боюнча ал кесиптештерине оюнан чыгарып айтып койгонун мойнуна алган», -деп билдирет Элчилик.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында социалдык тармактардын биринде Тилек Таалайбеков аттуу колдонуучу Москвада топ адамдар кыргыз кызды көп күн эч жакка чыгарбай үйдө камап, зордуктап жүрүшкөнү тууралуу маалымат тараткан. Бул өз кезегинде интернеттин кыргыз сегментинде катуу нааразычылык жараткан.