15.05.2018 10:47

Москвада жашаган кыргыз жасалма паспорт менен кармалды

Москвада жашаган кыргыз жасалма паспорт менен кармалды

Москвада жасалма улуттук паспорт менен жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Апрелдин аягында Москва шаарында укук коргоочулар тарабынан шектүү паспорт алып жүргөн кыргыз жараны кармалган. Документтин аныктыгынан күмөн санаган тартип сакчылары  жаранды өздөрү менен полициянын аймактык бөлүмүнө алып келип, документин кылдат текшерип башташкан.

Паспортто 2014-жылы берилгени, Талас облусунун Бакай-Ата районунда катталган 1981-жылы туулган Х.А. аттуу жаранга таандык экени  жазылган. 

Текшерүү иш-чараларынын учурунда КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында аты аталган жаранга документ берилгени тууралуу маалыматтар жок  экени аныкталган.

Көрсөтүлгөн номердеги жана сериядагы паспорт 2011-жылы Баткен облусунда катталган 1994-жылы туулган башка жаранга берилгени белгилүү болгон.

Ошондой эле, жекече идентификациялык номерди текшерүү маалында паспорттогу ЖИН Кыргыз Республикасынын жарандарына ыйгарылбаганы аныкталган. 

Мындан улам, жарандын улуттук паспортту жасалмалап алганы далилденип, РФ КК 327-беренеси (Көз көрүнөө жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.