18.07.2018 14:17

Москвада жол кырсыгынан 3 адам каза тапты. Алар кыргызстандыктар экени айтылууда

Москвада жол кырсыгынан 3 адам каза тапты. Алар кыргызстандыктар экени айтылууда

Россиянын түштүк-чыгышында адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматта таксинин ичиндеги 3 адам тең каза тапканы, алар Кыргызстан жарандары экени айтылат.

Ташкент көчөсүндө саат болжол менен 4:42де болгон кырсыктын видеосун  «360» жарыялады. Алдын-ала маалыматка караганда, катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа шаардагы жарык берүүчү мамыны сүзгөн. Руль башкарган 20 жаштагы айдоочу мамыны кеч көрүп калып, буйтап кетүүгө үлгүргөн эмес.  

Учурда авариянын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.