08.02.2019 16:26

Москвада жөө адамдарды сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу он күндөн кийин эркиндикке чыгат

Москвада жөө адамдарды сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу он күндөн кийин эркиндикке чыгат

Москвада Дүйнө чемпиондугу -2018 учурунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган кыргызстандык таксисит Чыңгыз Анарбек уулу 10 күндөн кийин бошонуп чыгат. Бул туурасында «Замандаш» саясий партиясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

«Кыргыз элим, сиздердин дубаңыздар менен мени бүгүн 8-февралда саат 10:00дө бошотту. Тверь соту түзөтүүчү борборго 1 жыл 6 айга жөнөтүүгө өкүм кылган эле. Бүгүн Смоленский облсоту мени мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин кабыл алды. Бошоткондон кийин 10 күн кармашат экен, ошондо 19-февралда буюрса эркиндикке чыгып калам», - деди Чыңгыз Анарбек уулу. 

Эскерте кетсек,  өткөн жылдын 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан соң  качып кетүүгө аракет кылган. Кырсыктан 8 киши жабырланган. Бул кырсыктын тасмасы интернетте тарап, таксинин айдоочусу кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Айдоочу 20 сааттан ашык убакыттан бери рулда экенин, унаа айдап баратып үргүлөп кетип, тормозду басам деп газды басып алганын милиция кызматкерлерине сурак берип жатып айткан. 

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 16-августта Анарбек уулу камакка алынган.