20.02.2019 10:51

Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу боштондукка чыкты (видео)

Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу боштондукка чыкты (видео)

Москвада Дүйнө чемпиондугу -2018 учурунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу кечээ, 19-февралда боштондукка чыкты. Анын эркиндикке чыккан учундагы тасмасын социалдык тармакка Жеңиш Молдокматов аттуу колдонуучу жүктөгөн. 

Эскерте кетсек,  өткөн жылдын 16-июнь күнү Москвада таксист унаа жолдон чыгып, тротуарда бара жаткан адамдар тобун коюп кеткен. Андан соң  качып кетүүгө аракет кылган. Кырсыктан 8 киши жабырланган. Бул кырсыктын тасмасы интернетте тарап, таксинин айдоочусу кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.

Айдоочу 20 сааттан ашык убакыттан бери рулда экенин, унаа айдап баратып үргүлөп кетип, тормозду басам деп газды басып алганын милиция кызматкерлерине сурак берип жатып айткан. 

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен иш козголгон. 16-августта Анарбек уулу камакка алынган. Кийин Москва шаарынын Тверь райондук соту  кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулун абактан бошотуп, 1,5 жылга кара жумушка кесүү менен, айлык маянасынан 15% кармап, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыраткан.