06.09.2018 16:26

Москвадагы кыргыздар полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүүгө жардам катары акча топтоп башташты

Москвадагы кыргыздар полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүүгө жардам катары акча топтоп башташты

Россияда полиция кызматкерин өлтүрдү деген шек менен кармалган мурунку кыргыз жараны Нурлан Муратов кыргызстандыктар жардам сурайт. Бул туурасында Россиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.  Анын айтымында, Муратов учурда Москва шаарындагы Башкы Тергөө комитетинин тергөө бөлүмүндө кармалып турат. 

«Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы Нурлан тууганыбыз, Россия жараны болгондугуна байланыштуу биздин Москвадагы Элчилик кызматкерлери эч кандай укуктук жардам бере албай жатышат. Анын күнөөсү тактала элек, бирок шектүү катары тергөө бүткөнчө 2 ай кармалып турат. Нурланга Москвадан күчтүү адвокат жалдаш керек болуп, алар кызмат акысы үчүн 500 - 600 жүз миң рубль сурап жатышыптыр. Туугандары каражат жок кыйналып турушканын билдиришти», -деп жазат Кошматов.

Мындан улам, Москвадагы мекендештер Нурлан Муратовго жардам берүү максатында акча топтоп башташкан. «Сиздерден суранаарыбыз, адам өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган Нурлан Муратов мекендешибиздин тагдырына кайдыгер карабай, өз салымыңыздарды кошосуздар го деген үмүттөбүз. Көп түкүрсө көл болот, кыргыздын башына ушундай жамандык иш түшкөндө биримдикте, ынтымакта, биргеликте жардам берип соопчулук үчүн жакшы иш жасап коелу», -деген РФдагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү,  Нурлан Муратовдун бир тууганы Муратов Канатбектин Сбер банк картасынын эсебин жарыялаган.  

Сбер банк карта 
4817760193471681 
Муратов Канатбек

Сурап билүү тел : ватсап +996556969722
Улан Кошматов

Нурландын бир тууган агасы Канат Муратов:
 +7 968 431-41-78