04.09.2018 15:59

Москвадагы полиция кызматкеринин өлүмү. Шектүүнүн туугандары анын ак экенин айтышат

Москвадагы полиция кызматкеринин өлүмү. Шектүүнүн туугандары анын ак экенин айтышат

Москвада «полиция кызматкерин тапанча менен башка атты» деп шектелген жарандын туугандары Муратовдун ак экенин айтып, жардам сурап кайрылышты. Бул тууралуу Россиядагы Кыргыз диаспорасынын  өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Жакындарынын айтымына караганда, Муратовдун полиция кызматкеринен тапанча тартып алууга күчү жетмек эмес. «Полиция кызматкери жаш, спорт менен алектенген жигит болгон экен. Кантип ушул бир тууганыбыз Нурлан ошондой жаш жигитке күчү жетмек эле? Атыш үчүн андан тапанчасын тартып алыш керек, тапанчаны кабынан чыгарыш керек. Анын колунан жулуп алган кезде деле, полиция кызматкеринин куруна байланып турган тапанчаны баш тарапты туштап атууга мүмкүн болмок эмес. Ошончо убакытта спорт менен машыккан жигит жөн карап турат беле?», -деп билдиришкен туугандары.

Маалыматка караганда, 43 жаштагы Нурлан Муратов Ош облусунун  Кара-Кулжа  районунун Ылай-Талаа айылынын кулуну. Учурда Россия жарандыгын алып, эл катары иштеп, жашап жүргөн. Кырсык болгон күнү достору менен эс алып, бир аз ичимдик ичкен. Үйүнө кайтып баратканда, метродон полиция кызматкери  токтоткон. «Текшерген маалда чындыгында жанында документи жок болуп чыгат. Буга байланыштуу полициянын бөлмөсүнө алып кирип текшерем деп, Нурланды эшиктин сыртына тургузуп коет. Полицейский чыгып, наркы бөлмөгө киргенден кийин «тарс» эткен үн угулат. Ал жакта кирип-чыгып, пол жууп жүргөн аял  полиция кызматкеринин баш жагынан кан агып жатканын көрүп калып, «тез жардам» чакырып ызы-чуу болуп жатканда, биздин бир тууганыбыз Нурлан чындыгында окуяны өз көзү менен көрүп туруп, мен күнөөлүү болуп калбайын деп коркуп качып кеткен», -дейт Кошматов.

Муратов үйүнө барып, туугандарына кырсык тууралуу айтып берген. Эртеси жумушка бара жаткан жеринен полиция кызматкерлери күрмөсүнөн таанып, кармап кетишкен. Учурда Москва шаарындагы тергөө комитетинде иш козголуп, тергөө уланууда. 

«Нурлан биринчи күнү кармалгандагы кийими менен  жумушка бара жатып кармалат. Эгерде Нурландын ушул болуп өткөн окуяга катышканы чын болсо, кийимдери кан болуп, башка кийим кийип, жумушка барбай качып кетмек», -деген туугандарынын жүйөөсүн келтирет диаспора өкүлү. Ал ошондой эле, учурда жактоочу таап, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.