13.05.2020 16:43

Муфтият Кадыр түн качан өтөөрүн маалымдады

Муфтият Кадыр түн качан өтөөрүн маалымдады

Быйыл Кадыр түн 20-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ал эми Орозо айт качан болорун Уламалар кеңеши аныктайт:

«Айт качан болору келе турган айдын жаңырышына жараша белгилүү болот. Аалымдар кеңеши Кадыр түнгө жакын карайт», — леп айтылат маалыматта.

Быйылкы Орозо айы 24-апрелде башталган. Кадыр түн орозонун 27-түнүндө болот. Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылык тилеп, куран окушат.