Муфтият Курман айт намазынын программасын жарыялады
КР Мусулмандар диний башкармалыгы Курман айт намазынын программасын жарыялады. Быйыл кыргызстандыктар Курман айтты 21-август күнү белгилешет.
Айт намаз эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:30да башталат. Ал күнү аянтта дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.
Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
06:30-07:15 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:15-07:35 — Азирети Муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;
07:35-07:45 — өкмөттүн куттуктоосу;
07:45 — Айт намаз.
Кечээ өкмөт Курман айт майрамын белгилөөгө байланыштуу, 2018-жылдын дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Дем алыш күндү которуу жөнүндө» токтомун кабыл алды. Ага ылайык, өлкө жарандары 18,19,20,21-август күндөрү иштешпейт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: