18.05.2018 10:34

Мухаммедкалый Абылгазиев саммитке катышуу үчүн Түркияга учуп кетти

Мухаммедкалый Абылгазиев саммитке катышуу үчүн  Түркияга учуп кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышат. Бул максатта бүгүн, 18-майда, Стамбул шаарына  учуп кетти. Мындай маалыматты өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Кеңешменин жүрүшүндө Газа Секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, өз курамына 57 мүчө-мамлекетти камтыйт. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 1-декабрынан тарта Уюмга мүчө болуп саналат.