01.11.2019 10:04

Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстанга иш сапар менен учуп кетти

Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстанга иш сапар менен учуп кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстанга иш сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Ал жакта өкмөт башчы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалган.

 Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.