28.05.2018 09:48

МУКК: Ысык-Көл облусундагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды

МУКК: Ысык-Көл облусундагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Ысык-Көл облусундагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти. 

Учурда Эсептөө палатасы менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Бостери аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында өткөрүлгөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда каражаттарды пайдалануунун максаттуулугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, объектини куруудагы подрядчикти тандоодо КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» жана «Шаар куруу жана архитектура» боюнча  мыйзам ченемдери бузулган. Тактап айтканда куруучу фирма менен келишим долбоорлоо-сметалык документациясы жана мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөн.

Жыйынтыгында курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 млрд. 584 млн. сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн 10 млн. сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан фактысы аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 млн. сом каражаттын финансылык отчеттуулугу боюнча документациялары жок болуп чыкты.

Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык 31 млн. 398 миң сом коротулган жолго төшөлгөн асфальт нормативдик талаптарга жооп бербейт жана эксплуатациялык мөөнөттөрдүн аягына чейин чыдай албайт.

Мындан сырткары 8 млн. 244 миң сомго жасалган темир ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталды.

Обьектидеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда КР Өзгөчө кырдаалдар миинистрлигинин эсебинен өткөзүлө турган иштер үчүн 9 млн. 737 миң сом өлчөмүндө каражаттар мыйзамсыз колдонулган фактысы такталды», -деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тиешелүү текшерүү иш чаралары улантылып жатканы жана аудит иштеринин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилери айтылат.