МУКК төрагасынын орун басары дайындалды

МУКК төрагасынын орун басары дайындалды

Асылбек Кожобеков Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык  Кожобеков Асылбек Эсенжанович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматын ээледи. 

Буга чейин Асылбек Кожобеков президенттин кеңешчиси болуп иштегени айтылат маалыматта.