26.04.2018 15:29

МУКК:Телефондук "террорист" изделүүдө

МУКК:Телефондук  "террорист"  изделүүдө

Борбор Азиядагы Америка университетинде "бомба коюлган" деген маалыматты тараткан адам изделүүдө. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

Учурда университеттин имаратында МУКК менен ИИМдин кызматкерлери иштеп жатышат. 

Эскерте кетсек, бүгүн саат 13:37де Бишкек шаардык нөөмөт бөлүмүнө БААУ имаратына жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Тартип сакчылары жана коопсуздук кызматкерлери тарабынан имараттын ичи тинтүүгө алынып, шектүү заттын бары-жогу аныкталып жатат.