16.05.2018 14:31
"Орто-Сай" базарында бомба коюлган деген маалыматты тараткан адам изделүүдө
Бишкектеги "Орто-Сай" базарында бомба изделүүдө. Бүгүн, 16-майда саат 12:30 чамасында "102" нөөмөт бөлүмүнө базарда бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү, деп билдирет Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, "Орто-Сай" базарындагы сатуучуларга белгисиз адам келип, жарылуучу зат коюлганы тууралуу айтып, качып кеткен. Учурда ИИМ жана УКМК кызматкерлери базарды курчап, адамдарды чыгарып, ыкчам-иликтөө иш чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле жалган маалымат тараткан адамды издөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: