06.12.2018 12:09

Мурат Суталинов декабрдын ортосунда кайра абакка жөнөтүлөт

Мурат Суталинов декабрдын ортосунда кайра абакка жөнөтүлөт

Мурат Суталиновду учурда жаза өтөп жаткан №47 колонияга 14-декабрда кайра жиберишет. Бул туурасында Кыйноолордун алдын-алуу улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулаймановго таянып, «Вечерний Бишкек» басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, УКМКнын мурунку жетекчисинин абалы өтө оор. 

«Биздин кызматкерлер кечээ Улуттук онкология борборуна барып, баарын өз көздөрү менен көрүп келишти. Суталинов учурда химиотерапия алып жатат. Онкологияда ар эки жума сайын дарыланууда. Бирок, дарыгерлер ар такай дарыланып турушу керек экенин ачык эле айтып жатышат», - деди Сулайманов.

Анын айтымында, Суталиновдун №47 абактагы кармоо шарттарына, медициналык кызмат көрсөтүүгө жана абак кызматкерлеринин мамилесине доосу деле жок. 

Эскерте кетсек, Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуяларына тиешеси бар деп табылып, 20 жылга кесилген. Аскер сотунун чечими менен 2016-жылы камакка алынган. 

Ушул жылдын августунда УКМКнын мурунку жетекчиси Улуттук онкология борборунда 2-жолу химиотерапия алган. Мурдараак анын бир бөйрөгүн алып салышса, эми экинчи бөйрөгүнөн да рак табылганы айтылат. 

Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Суталинов ракка чалдыкканына байланыштуу амнистияга кабылышы мүмкүн экенин маалымдашкан.