06.05.2020 12:04

Мурдагы прокурор Кубанычбек Жумалиевди ашкере байлыгы боюнча айыптады. Жумалиев куран кармап жооп кайтарды

Мурдагы прокурор Кубанычбек Жумалиевди ашкере байлыгы боюнча айыптады. Жумалиев куран кармап жооп кайтарды

Экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин көп суммадагы байлыгы бар экенин жана бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз тапканын билдирген.



Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр жана экс-транспорт министри Кубанычбек Жумалиев “мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам” деп жергиликтүү телеканалдардын бири аркылуу Куранды кармап элге кайрылды.

“Мен, Жумалиев Кубанычбек 1992-жылдан 2005-жылга чейин иштеген учурда бир дагы коррупциялык ишке аралашкан эмесмин. Экинчиден, туугандарым келгенде идеямды айтып, бирок алар өз эмгеги менен тапкан акчасына сатып алып иштеп жатышат. Кайсы учурда болбосун, так жана таза адам катары жүрөм”, - деди Жумалиев.

Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү. 2019 жылы FactCheck.kg сайты депутаттын декларацияда көрсөтүлбөгөн 33 ишканасы бар деп иликтеп чыккан.