20.06.2018 21:21

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тергөө аяктагыча камакта калтырылды

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тергөө аяктагыча камакта калтырылды

Мурунку премьер-министр Ж.Сатыбалдиев тергөө аягына чыккыча камакта калат. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

«2018-жылдын 20-июнунда КР МУКК тарабынан Кыргыз Республикасынын мурунку премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевге “Бишкек ЖЭБ Модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6- бөлүмүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айыбы тагылып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР МУКК убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды», -деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, тергөө жүрүп жатканы кабарланат.