02.03.2018 11:07

Мурунку элчи Замира Сыдыкованын уулу тергөө аяктагыча камактан бошотулду

Мурунку элчи Замира Сыдыкованын уулу тергөө аяктагыча камактан бошотулду

АКШда курал аткезчилигине шектүү деп кармалган кыргыз жараны Теңгиз Сыдыков тергөө бүткүчө үй камагында болот.  Мындай чечимди  Александрия шаарынын (Вирджиния штаты) соту кабыл алды. Бирок Сыдыков тергөө маалындагы талаптарды аткара алары аныкталгандан кийин бошотула турган болду.

Аны менен кошо кармалган Казакстандын жараны Элдар Резванов камакта калды. Анын маселеси боюнча соттук угуу 7-мартта уланат. 

"Республика" гезитинин редактору, мурунку элчи Замира Сыдыкованын уулу 2017-жылдын 17-19- майында "Glock" үлгүсүндөгү 24 тапанча сатып алган. Бул тууралуу россиялык  «КоммерсантЪ»  газетасы Вирджиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасына шилтеме берүү менен жарыялады. Макалада Резванов менен Сыдыков сатып алган тапанчалардын жалпы саны 64тү түзгөнү айтылат.